“Коопсуз шаар”: Балыкчы шаарындагы жолдорго 84 камера орнотулууда

Азыркы тапта 28 видео көзөмөл орнотулуп бүттү.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Балыкчы шаарында "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарды каттоо боюнча 84 жерге атайын сүрөт, видео системаларын орнотулат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти. 

Малыматка караганда азыркы тапта 28 видео көзөмөл орнотулуп бүттү. Камералардын борбордук башкаруусу Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратында жайгаштырылат.

Балыкчы шаарынадагы камера коюлган көчөлөрдүн тизмеси: 

Балыкчы шаарынын айлампасына — 5;

Автобекетке — 2; Абдрахманов жана Тоголок Молдо көчөлөрүнө — 2; 

Абдрахманов жана Калдыбаев көчөлөрүнө — 2;

Абдрахманов жана Токтосунов көчөлөрүнө — 2; 

Абдрахманов жана Каралаев (Гагарин) көчөлөрүнө — 4; 

Мэриянын алдына — 2; 

Абдрахманов жана Бектуров көчөлөрүнө — 4; 

Абдрхманов жана Карыбаев — 2; 

Абдрахманов жана Калинин көчөлөрүнө — 2; 

Суу чордонунда жана Балыкчы электр тармагына — 1. 

1 / 3
Балыкчы шаарында "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарды каттоо боюнча 84 жерге атайын сүрөт, видео системаларын орнотулат.
2 / 3
Малыматка караганда азыркы тапта 28 видео көзөмөл орнотулуп бүттү.
3 / 3
Камералардын борбордук башкаруусу Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратында жайгаштырылат.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында 20-июлда 2 миллиард 552,7 миллион сомго тендер жарыяланып, мөөнөтү 10-августта аяктайт.