Уктап кетип… Бүгүн таңда Бишкек — Ош жолунда жол кырсыгынан 4 киши мүрт кетти

Окуядан жабыркаган дагы эки адамга медицинадык жардам көрсөтүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бүгүн түңда болжол менен саат 4.30дарда Бишкек — Ош жолунун 212-270-чакырымында жол кырсыгы болуп, андан төрт киши каза тапканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Ошто тормозу кармабай калган жүк ташуучу автоунаа 7 машинаны коюп кетти. Видео
Кырсыкка Mercedes-Benz менен Honda Accord кириптер болгон. Алдын ала маалымат боюнча Mercedes унаасынын айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеге чыгып кеткен. Мертинген төрт киши дал ушул машинада экени айтылды.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери Honda Accord унаасындагы жабыркаган эки кишиге жардам көрсөтүп, жакын жердеги медициналык пунктуга жеткиришкен.

Ушу тапта кырсык болгон аймакта Жалал-Абад милициясы иштеп жатат.