БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Тамакка таштанды салып жиберди деген чырдын каарманы милициянын ага лейтенанты Бакыт Жукалаев кызматына кайра турду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.
Жукалаев чатакка чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын (ЖКККБ) Ысык-Көл облустун бөлүмүндө (Тоң районунда) иштеп келген.
Эске салсак, ЖКККБнын формасын кийген адам Боом капчыгайында жайгашкан кафелердин биринде тамактанып отуруп, тамакка ыпыр-сыпыр кошуп салган сыяктуу видео интернетке тарап кеткен. Бирок видеонун каарманы, милициянын ага лейтенанты Бакыт Жукалаев бул маалыматты чындыкка коошпойт деп айтып чыккан. Анткен менен 21-июнда анын кызматынан алынганы жарыяланган. Буга анын жалпы милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көлөкө түшүргөнү себеп болгондугу айтылган.