Кечээ эки киши сууга чөгүп кетти. Бир кырсык пансионатта болду

"Золотые пески" пансионатында 41 жаштагы эркек киши көлгө чөгүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кечээ Бостери айылы менен Балыкчы шаарында эки адам сууга чөгүп каза тапты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тамакка тоюп алып сүзбөйт! Сууга түшүү учурунда 10 "болбойт"
Саат кечки сегиз жарымдар чамасында "Золотые пески" пансионатында 41 жаштагы эркек киши көлгө чөгүп кеткен. Куткаруучулар сөөктү эки сааттан кийин таап чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Экинчи курмандык Балыкчынын "Сейил" пляжында болуп, 23 жаштагы жигит чөгүп кетип, куткаруучулар түнкү экиге чейин издеп таппай коюшкан. ӨКМден издөө иштери бүгүн улантыларын билдиришти.