БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik.Акылбек Осмоналиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жаңы жетекчи бүгүн, 2-августта, жамаатка тааныштырылды.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун жетектеп турган Узарбек Жылкыбаев 25-июлда Ош облусунун башчылыгына дайындалгандан кийин анын орду бош калган.
Акылбек Осмоналиев Ош облусунун Ноокат районунда 1964-жылы 10-августта туулган. 2017-жылдын декабрь айынан тарта президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп турган. Ага чейин өкмөттүн аппаратын жетектеген.