БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Жогорку сот Биринчи Май райондук сотунун Кубанычбек Кулматовду камакта калтыруу боюнча чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу сот залынан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Өз кезегинде прокурор Кулматов өзгөчө оор кылмышка шектелип жаткандыктан, камакта калышы керек деген пикирин айтты.
Кулматовго каршы кылмыш иши
Эске сала кетсек, 18-майда Кулматовго карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 5-июнда тергөө аяктаганга чейин камакка алынган.
УКМКнын версиясына караганда, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган. Башкача айтканда, ал каражат аймактарга эки мектеп салууга берилсе, Кулматов аны өкмөттөн мэриянын карамагына "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп салуу шылтоосу менен өткөртүп алган.
"Экинчи жарандыгы"
Коррупциядан тышкары, Кулматов мыйзамсыз түрдө Россия жарандыгын алгандыгы боюнча айыпталган.
УКМК Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССРдин жараны катары алган паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россиянын паспортун алып, ошол өлкөнүн жарандыгына ээ болгонун айткан.
"Кийин 1996-жылдын 26-ноябрында Россиянын жараны болуп туруп өзүнүн СССР учурунда алган документин (жоготуп алдым деген паспортун) колдонуп Кыргызстандан дагы мыйзамсыз негизде паспорт жасатып алган. Документ Биринчи Май райондук паспорттук столдон берилген",— деп билдирген УКМК.
Бирок Россиянын Кыргызстандагы элчиси Кулматовдун жактоочусуна жооп бергенине караганда, анын РФ жарандыгы жок.