5 млн. доллар кредитти 2% үстөгү менен алуунун жол-жобосу. Пайдалуу маек

Эгер күрөө коюуда көйгөй жаралса, бизнести кантип баштоо керек? Өлкөдө ири суммадагы насыяны эң төмөн үстөк менен кантип алууга болот? Мыкты бизнес-демилгеңиз даяр, бирок колуңузда каражат болбосо, эмне кылуу зарыл? Бул суроолор тегерегинде биз Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев менен талкууладык.
Sputnik

Фонд Кыргызстан менен Россиянын макулдашуусунун негизинде 2014-жылы өлкө экономикасын өнүктүрүү максатында түптөлгөн. Россия тарап уставдык капиталды бүт бөлүп берген – бул 500 миллион долларды түзөт. Уюм өзүн өзү актай алчу бизнес-долбоорлорду каржылайт. Фонд өлкөгө эмне пайда келтирет жана атамекендик ишкерлерге кандай көмөктөшө алары туурасында ОКӨФ төрагасы Эркин Асрандиев толук айтып берди.

Председатель правления Российско-кыргызского фонда развития Эркин Асрандиев

— Эркин Шамшудинович, "фонд" деген сөздүн өзү жардамды туюндуруп тургандай. Көпчүлүк бул кепти "кайрымдуулук" маанисинде кабылдайт. Сиздерде шарт кандай? Ишкерлерге насыя бересиздер, ал эми алар эң төмөнкү пайыздык үстөк менен кайтарууга тийишпи?

— Ооба, фонддун ишмердиги колдоо көрсөтүүгө багытталган, бирок бул кайрымдуулук уюму дегендикке жатпайт. Киреше табуу башкы максатыбыз эмес, бирок баштапкы уставдык капиталыбыз 500 миллиондон кемибегендей иштөөбүз шарт. Буга биз кайтарылган насыялардын эсебинен жетишип келебиз.

Фонд Кыргызстанда дагы бир топ жыл иштеп турганы жакшы. Эгер насыя жана анын кайтарылыш сапаты жакшы деңгээлде болсо, ал эми бүтүндөй уставдык капитал насыялоого жумшалса, жылына кайтарылган насыялардын эсебинен 70-80 миллион доллар түшүп турат. Акчаны кайрадан каржылоого жумшоого болот, ошондуктан бул тынымсыз жүрүп турчу процесс.

— Россия бул 500 миллиондон сырткары да кошумча каражат бөлө алабы?

— Алгачкы жарым миллиардды Россияга кайтарбай койсок болот. Бул каражаттын басымдуу бөлүгүн насыялоо багытында өздөштүргөн соң, дагы 500 миллион доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого болот, бирок аны кайтарууга тийишпиз. Азыркы чакта 328 миллиону өздөштүрүлдү.

— Фонддун ишмердигинен улам канча жумушчу орун түзүлдү?

— 16 миң түз жана 60 миң кыйыр жумуш орундары камсыздалды. Бул эмнени түшүндүрөт? Мисалы, биз каражат бердик, ишкерлер кант заводун ачты. Анда 1500 киши иштейт, бул — түз камсыздалган жумуш орундары. Дагы 50 миң кыргыз кант кызылчасы менен иш алпарат, алар кыйыр болуп саналат.

— Маселен, мен кызылча өстүрүүгө сиздерден насыя алгым келди. Мага кандай пайыздык үстөк менен акча бөлүнөт?

Шариат тартиби менен берилчү насыянын жол-жобосу. 10 суроого жооп
— Чакан жана орто бизнеске биз негизги каражат үчүн 10 миңден жарым миллион долларга чейин бөлөбүз. Акча биз менен кызматташкан 13 банк аркылуу берилет. Алар насыянын пайызын өзгөртүүгө акысы жок, кардар доллар менен 5 пайыздан жана сом түрүндө 10 пайыздан ашпаган үстөк менен гана төлөп турат.

Миллион доллар жана андан жогору көлөмдө ири долбоорлорду да каржылайбыз. Мында тапшырыктар фонддун өзүндө каралып, каржылоо да бул уюм аркылуу жүргүзүлөт. Жылдык үстөгү тармактын багытына жараша 4-7 пайыздын тегерегинде. Бизге агрардык тармак, агрардык кайра иштетүү, жеңил өнөр жай, экспортко багытталган ишканалар кызык, алар үчүн абдан төмөн — 4 пайыздык жылдык үстөк белгиленет.

— Көпчүлүк дүкөн, кафе, кеңсе ачуу үчүн турак үйлөрдүн алдыңкы кабатын алышат. Фонд мындай долбоорлорду карайбы? КРӨФ аркылуу ыгын таап төмөн пайыз менен ипотека алууга болобу?

— Жок, фонд ипотекалык насыя бербейт. Фонддун каражатынын эсебинен адамдар жаңы жабдык алып келип, жогоруда атап өткөн тармактардын объектилерин курууга тийиш. Батир сатып алуу менен биз жаратмандык максатыбызга жетпей калабыз, себеби, бул тек гана мүлккө ээлик укугунун бир колдон башкасына өтүшү болуп калат.

Председатель правления Российско-кыргызского фонда развития Эркин Асрандиев

— Жаратмандык эмгекти колдогонуңуздар өтө сонун. Буга мисал келтире аласызбы?

— "Прод Импекс" компаниясы. 1,5 жыл мурун жоктон барды жаратып, консервалоочу завод курушкан. Мөмө-жемиш, жашылчаны кайра иштетип, "Сонун" деген ысым менен сатыкка чыгарылат, андыктан, дүкөн текчелеринен көрүп калсаңыз, атамекендик өндүрүшчүнү сиздер да колдой аласыздар. Завод заманга бап курулду, европалык сапаттагы жабдыктар менен жабдылып, азык-түлүк коопсуздук талаптарына толугу менен жооп берет. Аталган компаниянын түптөөчүлөрү өндүрүмдөрүн алыскы чет өлкөлөргө да чыгара алат. Быйыл экспортко чыгарууга камынып, Казакстандан баштай турган болушту.

— Аймактарда насыялоо канчалык сапаттуу жүргүзүлүүдө жана ал жактарда ОКӨФтин иш жыйынтыгы кандай?

— Аймактаргы эл күрөө жагынан кыйналууда. Маселен, сизге 100 миң сом насыя зарыл, бирок кыштактагы үйүңүз 70 миң сомго гана бааланды дейли. Сиз "Кепилдик фонд" ААКсына кайрыласыз. Ал тапшырыгыңызды талдап, үйдү карап чыгат. Эгер баары жайында болсо, банкка ал уюм насыяны төлөп бере аларыңызга кепилдик берет, андан соң акча сиздин колуңузга тиет.

Мындай долбоорлор үчүн биз Кепилдик фондусуна 100 миллион сом которуп бергенбиз, ал 1,5 жылдан бери иштеп жатат.

Түштүк аймактардагы ишкерлер улам эле Бишкектеги баш кеңсеге каттай бербеши үчүн ОКӨФ Ош калаасында да өз өкүлчүлүгүн ачты. Ал Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы кардарларды тейлейт.

Күзгө чейин Бишкектен үй сатып алууга үлгүрүңүз! Турак жай рыногундагы баалар
Быйыл июль айында Жалал-Абад, Каракол, Баткенде кеңеш берүүчү борборлорду ачтык, эми кезекте Нарын жана Талас шаарлары турат. Аталган борборлордо кардарларга тапшырык берүү, документ топтоо, бизнес-планды даярдоого көмөктөшө турган консультанттарыбыз иштейт.

Кардардын күрөөгө коюлчу мүлкүн кароодо биз абдан ийкемдүүбүз. Банктар адатта күрөөнүн 70-80 пайызын кыймылсыз мүлк түзүшүн талап кылат. Ал эми бизде кардар насыя эсебинен сатып ала турган жабдык, техника жана активдерди коюуга болот. Төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоодо биз учурдагы кирешесине гана эмес, болжолдонгон маалыматтарга да таянууга даярбыз.

Аймактарда ири долбоор үчүн 300 миңден миллион долларга чейин керектелет. Ошол себептен эгер адам аймакта миллион долларга чейин насыя алгысы келсе, бизге түз кайрыла алат деп чечкенбиз.

Жылына эки ирет биз аймактарга чыгып, ишкерлерге кеңеш берүүгө көчмө иш-чараларын уюштуруп келебиз. Өткөндө бардык облустарды кыдырып, ишкерлер менен кезигип, 90дон ашуун долбоор топтоп келдик. Тапшырыктардын үчтөн бир бөлүгү банктардын кароосунда же каржылана турган болушту, дагы бир үчтөн бири бизнес-планды түзүү баскычында. Октябрда кайрадан аймактарга чыгып, кимдерге акча берилерин жарыялайбыз. Убадабыз куру кеп эместигин элге көрсөтөбүз. Кайра дароо жаңы тапшырыктарды кабыл алабыз.

— Коомубуздун көкүрөгүн өйүгөн коррупцияны фонд өз ишмердигинде кантип ооздуктайт?

— Жамааттын негизги курамы баш-оту менен акча берүү процессинде. Бул кызматкерлер сынак менен тандалган, биздин насыя боюнча адистерибиз Кыргызстандагы эң мыктылардан. Эмгек маяналар бизде эл аралык каржылык институттарындагы деңгээлге төп келет.

Республикабыздын банк тутуму — баары бири-бирин тааныган абдан тар чөйрө. Эгер кайсы бири коррупционерге айланып баратса, ал тез эле аныкталат, ал эми сиздин абройуңуз көпчүлүктүн көз алдында.

Председатель правления Российско-кыргызского фонда развития Эркин Асрандиев

— 1,5 жыл мурун социалдык медиада КРӨФ төрагасынын маянасы талкууга түшкөн. Ал бир топ жогору экендиги айтылган. Анда бизге фонддон жооп беришкен эмес. Азыр сиз бул боюнча жооп бере аласызбы?

— Ооба, фонд башчысы 15 миң доллар аларын айтып чыгышкан. Анда уюмду менден мурдагы төрага жетектечү. Бирок сиздерге маяна 15 миң, алтургай 10 миң доллар да эмес экендигин айтар элем. Бирок, тилекке каршы, бул купуя маалымат болгондугу үчүн так көлөмүн атай албайм.

Насыя боюнча адисибиз 4 миллион долларлык тапшырыктарды карап, 20-30 миллиондук көлөмдөгү насыя портфелин тескеп жаткандыктан, ал көңүлү жай, башка эч бир нерсеге алагды болбой тургандай иштөөгө тийиш. Эмгек акы бизде жогору, бул жоопкерчилик чарасы жана тобокелдиктер өтө чоң экендиги менен акталат.

— Баарлашуубуз соңуна чукулдап калды. Окурмандарга кайрылар кебиңиз барбы?

Кыргызстанга унааларды алып кирүү арзандайт. 25-июлдан кийинки бажы алымдары
— Бир нерсе айткым келет. "Аймактар — өнүгүү орду" деп аталган кызыктуу бир программабыз бар. Эгер насыя берилгенден кийин бизнес-долбоор ийгиликтүү иштеп кетсе, ал эми кардар фонддун алдындагы милдеттенмелерин өз маалында аткарып турса, кийинки жылдан тарта фонд ал кардарга ага чейин төлөнүп келген пайыздык үстөктөрдүн жарымын кайтарып бермекчи. Ошентип ишкерлерге насыянын жылдык үстөгү 2 пайыздан айланып калат. Болуп көрбөгөндөй үстөк, Кыргызстанда бул чоң саамалык.

Бул долбоор боюнча эң көп 5 миллион доллар же 340 миллион сом алууга болот. Болгону сиз сом менен насыя алсаңыз, алгачкы жылы 8 пайыздан, кийин 6 пайызга чейин төмөндөйт.

Кадыресе насыялардан тышкары, биз кардардын капиталына да түз инвестиция кыла алабыз, мында анын ишканасына үлүшкө киребиз. Кардарга насыя беребиз, бирок дагы каражат керектелсе, биз салым кошуп, ал ишкананын теңата негиздөөчүсү, акционерине айланабыз. Өз өкүлүбүздү компаниянын каржылык көзөмөл бөлүмүнө же директорлор кеңешине дайындайбыз.

Бул абдан татаал курал, чоң тобокел, бирок Кыргызстандын инвестициялык рыногун өнүктүрүү зарыл. 1-октябрга дейре биз долбоорго катышууга кардарлардан тапшырык алабыз. Сынактан эң кирешелүү, ынанымдуу долбоорлор жеңип чыгат.

— Мындай ишканалардан канчоосуна колдоо көрсөтө аласыздар?

— 5 миллион долларга чейин инвестиция сала алабыз.

— Ири суммадагы каржылоо, насыя сурап кайрылгандардын аты-жөнү сиздерге так анык болсо керек. Арасында белгилүү аткаминер, саясатчы, депутаттар көппү?

— Ички насыялык-инвестициялык саясатына жараша фонд жеке жактарды, ошондой эле саясий ишмердикке түз же кыйыр түрдө аралашкан юридикалык тараптарды каржылабайт.