Тажикстандагы туристтердин өлүмү: ИИМ беш версияны карап жатат

Дем алыш күнү Тажикстанда чет элдик төрт турист каза болуп, үчөө жаракат алган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода Дангар районунда чет элдик туристтердин өлүмүнө себеп болду деген беш версияны атады. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги жазды.

Билдирүүгө ылайык, туристтер жол кырсыгынан, куралдуу кол салуу, тоноо, атайылап өлтүрүү жана терактыдан каза табышы мүмкүн. Ал ошондой эле азыр бул окуя боюнча кылмыш иши козголо электигин, бирок жакын арада өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул иш менен алектене турганын айтты.

"Аталган окуя боюнча тергөө тобун башкы прокурор Юсуф Рахмон өзү жетектейт", — деди министр.

Баткенден "Талибан" кыймылынын мүчөсү кармалганы кабарланды
Эске салсак, дем алыш күнү Хатлон облусунун Дангар районунда төрт турист — АКШнын эки жараны, Нидерланддар менен Швейцариянын тургундары каза болгон. Дагы үч чет элдик жаракат алган.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон туристтердин өлүмүнөн улам үч мамлекеттин башчысына көңүл айтты.

Учурда бул кылмыш ишине шектүүлөрдү кармоо аракеттери көрүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча туристтерди "ДЭУ Леганза" үлгүсүндөгү автоунаа келип сүзгөн. Окуядан кийин автоунаа кырсык болгон жерден изин жашырган. Бирок бир аздан соң машина Дангар районунун Торбулак айылынын аймагынан табылган.