Сумо күрөшүн аймактарга жайылтууну көздөп жатабыз. Бул тууралуу Эмиль Джамангулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү кезде аталган спорттун түрү Ысык-Көл, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында жетиштүү деңгээлде өз ордун таап, өнүгүү жолуна түшкөн.
"Сумо күрөшүн эми аймактарга жайылтууну максат кылып жатабыз. Жыл аягында республикалык чемпионат Жалал-Абад шаарында өтөт. Азыр камылга көрүп баштадык. Мындай иш-чара менен башка облустардын балбандарын шыктандырып, сумо сүйүүчүлөрүнүн санын жогорулата алабыз", — деди вице-президент.
Джамангулов ушул тапта кесипкөй сумочулар ДКОго даярданып жатканын кошумчалады.