Миллиардерден милиционерге чейин. Бишкек мэрлери бул кызматка чейин ким болгон

Бишкек шаарына башчы болгондор бул кызматка чейин кандай тепкичтерди басып өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттиги баамдап көрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын июль айынын орто ченинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ошол учурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөй, ээрден оодарып түштү.

Экс-мэр учурда камакка алынып, Кылмыш жаза кодексинин төрт беренеси боюнча айыпталып жатат.

Эми жаңы калаа башчысын шайлоо 8-августка белгиленди. Көпчүлүк коалиция бул кызматка Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөтүүдө. Бирок социалдык тармактардын колдонуучулары вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы колдошууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкектин мурдагы мэрлери бул кызматка келгенге чейин ким болгонун тизмектеп чыкты.

Акматбек Нанаев (1990-1991-жыл)

Эдуард Амвросиевич Шеварднадзе и Акматбек Нанаев

Бишкектин биринчи мэри. Ал алгач партиянын Свердлов району боюнча комитетти жетектеп турган.

Абдыбек Суталинов (1991-1992)

Заместитель Председателя Конституционного суда КР Суталинов Абдыбек

Милиция кызматкери. Мэрлик кызматка келгенге чейин ички иштер министринин орун басары болгон. Иштен кеткенден кийин кайра эле ИИМге барган.

Өмүрбек Абакиров (1992-1993)

Экс-Глава государственной администрации Бишкека Омурбек Абакиров

Беш жыл бою калаа башчысынын орун басарлык кызматын ээлеген. Кийин шаардык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп жүрүп, мэрлик кызматка келген.

Жумабек Ибраимов (1994-1995)

Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов

СССРдин Жогорку советинин экс-депутаты калаа башчылыгына келгенге чейин "Жанар" акционердик коомунун генералдык директору болгон. Карьерасындагы эң бийик тепкич премьер-министрлик кызматы болуп эсептелет.

Борис Силаев (1995-1998)

Экс-мэр города Бишкек Борис Силаев

Бишкектин Октябрь райондук администрациясын жетектеп турган. Ал эл тарабынан шайланган жападан жалгыз башчы.

Феликс Кулов (1998-1999)

Круглый стол по вопросу введения поправок в Конституцию

Темир генерал мэр болгонго чейин Чүй облусун башкарган.

Медетбек Керимкулов (1999-2005)

Президент ассоциации нефтетрейдеров Кыргызстана Медетбек Керимкулов

Мурдагы эки мэрдин биринчи орун басары болгон. Кийин 1999-жылы калааны өзү жетектеп калды. Ал шаарды алты жыл бою башкарып рекорд койгон.

Аскар Салымбеков (2005-жылдын апрель айынан август айына чейин)

Президент ассоциации "Дордой" Аскар Салымбеков

Бул убакыт аралыгында мэрдин милдетин аткаруучу болуп турду. Ага чейин Нарын облусунун губернатору эле. Учурда Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарын толуктап келет.

Арстанбек Ногоев (2005-2007)

Бывший глава столицы Арстанбек Ногоев.

Мэр болгонго чейин эки жыл бою калаа башчысынын орун басары болуп турган. Кийин айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалган. Андан соң Россиянын жарандыгын алып, Пенза облусунун башчысынын орун басары, Кашира шаарынын вице-мэрлик кызматын аркалаган. 2014-жылы Чолпон-Атадагы ипподромду мыйзамсыз негизде менчиктештирүү боюнча козголгон кылмыш иштин фигуранты болгон.

Данияр Үсөнов (2007-2008)

Вице-премьер-министр КР Данияр Усенов

2007-жылдын март айына чейин биринчи вице-премьер болуп турган. Ошол эле жылдын октябрь айында Бишкектин мэри болуп шайланган. Марттан октябрга чейин эмне иш менен алектенгени белгисиз.

Нариман Түлеев (2008-2010)

Бывший мэр города Бишкек Нариман Тюлеев

Мэрликке келгенге чейин "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын үч жыл башкарган.

Иса Өмүркулов (2010-2013)

Депутат Иса Омуркулов

Оппозиция өкүлдөрүнүн бири жана Жогорку Кеңештин депутаты апрель революциясынын эртеси эле — 2010-жылдын 8-апрелинде Бишкекке башчы болгон.

Кубанычбек Кулматов (2014-2016)

Бывший глава Таможенной службы Кубанычбек Кулматов

Мурдагы бажычы мэр болгонго чейин жарым жылга жетпеген убакыт аралыгында Чүй облусун жетектеген.

Белгилей кетсек, учурда коомчулук арасында мэрди шаардык кеңештин депутаттары эмес, калаа тургундары шайлашы керек деген маселе көтөрүлө баштады.