Шаардык сот Албек Ибраимовду камакта калтырды

Мурдагы калаа башчысы бир нече берене менен айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык соту мурдагы калаа башчысы Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

1 / 3
Бишкек шаардык соту мурдагы калаа башчысы Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды
2 / 3
Белгилей кетсек Биринчи Май райондук соту 19-июлда Албек Ибраимовду тергөө аяктаганча деп 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган
3 / 3
Ибраимовду колдоо үчүн шаардык соттун имаратынын алдына 40-50дөй тарапташы келди.

Алмазбек Атамбаев Албек Ибраимовдун камалышы боюнча үн катты
Белгилей кетсек Биринчи Май райондук соту 19-июлда Албек Ибраимовду тергөө аяктаганча деп 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Ибраимовду колдоо үчүн шаардык соттун имаратынын алдына 40-50дөй тарапташы келди.

Мурдагы мэр ТНК "Дастан" ишканасынын айланасындагы мыйзамсыз иштер, "Солнечный берег" пансионатынын сатылышы жана Бишкек мэри болуп турганда муниципалдык жерди жеке жана юридикалык жактарга берген деп айыпталууда.