Аламүдүндөгү тоодон кулаган таш алдын ала маалымат боюнча бир кишинин өмүрүн алды

Жабыркагандардын арасында Казакстандын жана Россиянын жарандары бар.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө кулаган таштан алдын ала маалымат боюнча бир киши каза болгонун Sputnik Казакстан агенттиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Айбек Смадияровго таянуу менен билдирди.

Кырсык дүйшөмбү күнү Скрябин мөңгүсүндө деңиз деңгээлинен 4100 метр бийиктикте болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кулаган таштан Казакстандын 7 туристи жабыркаганын маалымдаган.

"Жабыркагандардын төртөө Казакстандын жараны. Алдын ала маалымат боюнча бир киши каза болду. Окуянын чоо-жайын тактап жатабыз", — деди Смадияров.

Казак консулунун көмөгү менен куткаруу иштерине Казакстан ИИМинин өзгөчө кырдаал боюнча комитинин кызматкерлери дагы тартылды. Жабыркагандарды алып келүү үчүн тик учак жөнөтүү маселеси да каралып жатат. Жаракат алгандардын арасында Россиянын да жарандары бар.