"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жаш келиндин кайненеси уулун кызгана берип тажаткан окуясы баяндалат.
Саламатсыздарбы, биздин коомдо уулун келинчегинен кызганган энелер көппү? Андайлар бар болсо айткылачы, эмнеге балдарын үйлөнтүшөт? Кайненемдин уулун кызганганы жанга батты, акыры окурмандарга, психологго кайрылып көрүүнү туура көрдүм. Кеп башынан болсун.
Биз үйлөнгөндөн бери кайненем артыбыздан аңдып атып айланы кетирди. Башында "жалгыз баласы болсо балким көнө албай жаткан чыгар" деп ойлогом. Бирок бир эмес үч жыл өттү. Баласы мени кучактап өпмөк тургай, эркелетип койсо бети-башы кызарып, кыялын көрсөтүп жумурткадан кыр издеп, уруш чыгарат.
Экөөбүздү жалгыз эч жакка жибергиси келбейт. Теңтуштар менен эс алып келели десек да кыйылып атып араң кое берет. Азыр балалуу болгондон кийин эч жакка деле барбай калгам. "Кичинекей менен конокторго барсаң жүдөйсүң" деп кээ бири небересин алып калат го, биздин апабыз андайды укса чалкасынан кетет. Мамлекеттик кызматта иштегендиктен өзүн аябай карайт, бирок эмнегедир мен салонго барып же жаңы кийим алсам кабак-кашы бузулуп эле жатып калат.
Чынын айтсам кайненем менен бир үйгө чогуу жашагым келбей калды. Аны кылсам да, муну кылсам да жактырбайт. Жолдошум экөөбүздү уруштургусу эле келип турат. Анда эмнеге үйлөндүрдү билбейм. Ага мен жакпаймынбы же ыраа көрбөйбү, айтор түшүнбөй койдум. Бирок мен күйөөмдү жакшы көрөм, анын үстүнө ортодо кичинекей балабыз дагы бар.
Перизат Асылбаева, "Данакер" үй-бүлө бекемдөө борборунун психологу: