Sputnik агенттигинин кабарчысы жаңы жетекчини кепке тартып, Ошко баргандагы таасирлери жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
— Узарбек мырза, көп улуттуулугу, чек ара маселелери курч турган жоопкерчилиги чоң аймакты жетектеп калам деп ойлодуңуз беле?
— Ишти эмнеден баштайын деп турасыз?
— Өзүбүздүн аппараттагылар менен облустук мекемелердин жетекчилерин чакырып, тааныштым. Жарым жылдык коллегиянын да убактысы келип калган экен, аны өткөрүп коюп райондорду кыдырып эл менен жолугуудан баштайм. Биз өкмөттүн өкүлү болгондуктан атайын программа менен келбейбиз, коюлган тапшырманы аткарабыз. Андыктан, буга чейинки жасалып жаткан иштерди улантып, дагы жаңыларын жасайбыз. Бүгүн билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба техникалары боюнча бир топ маселелерди карап чыктык. Алдыда коопсуздук, чек ара маселелери боюнча таанышчу иштер бар.
— Эки облустун кандай айырмачылык, окшоштуктарын байкай алдыңыз? Ошту кыска убакытта кандай жол менен өнүктүрсө болот деп ойлойсуз?
— Биринчиден, Ошто калктын саны Ысык-Көлдүкүнөн үч эсеге көптүк кылат. Экинчиден, негизинен эл дыйканчылык менен алектенет. Ал эми туризм багыты көбүнчө Ош шаарында өнүгүп келе жатыптыр. Туристтердин көпчүлүгү Сулайман-Тоону көрүүгө ашыгат. Андан сырткары, ошол эле тарыхы бай Өзгөн шаарындагы мунара, Алайдын тоолору, Кара-Шоро жайлоосу айтор, бир топ туристтик жайлар бар. Бул багытта Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов менен да сүйлөштүм эле. Буюрса, алдыдагы жылдарда Ош облусунда да туризм тармагы бир топ жолго коюлуп калат деп ойлойм. Ал эми дыйканчылык жакшы өнүккөнү менен продукцияны кайра иштетүү солгун экендиги байкалат. Ушул тармакты жолго коюу мактсатында Ысык-Көлдө ийгиликтүү иштеп жаткан "Бир айыл — бир продукт" долбоорун көрүп, тажрыйба топтоп келүүгө делегаттарыбызды жибердик. Алар мөмө-жемиштерден кыям жасап, шакар самындарын чыгарган, кол өнөрчүлүк жаатында тажрыйба топтоп келишет. Ысык-Көл облусунда учурда бул долбоор менен 2300 адам иштейт. Алардын көбү кыз-келиндер. Жасаган продукциялары чет өлкөлөргө сатыкка чыгат. Бул долбоорду Ош облусуна да киргизсек, жумушсуздук маселеси, миграция көйгөйлөрү аз да болсо чечилет эле деген ойдомун. Мындан сырткары, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусу тарабынан аймактардагы дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды алуу жолдорун талкуулап, колго алсак деп турабыз.
— Тилекке каршы, облустагы чек арага жакын аймактарда чыры байма-бай чыгып турат. Бул жаатта ишти кантип колго аласыз?
— Чек ара маселесине биз түздөн-түз кирише албайбыз. Бирок, облус жетекчиси катары чек арага жакын жашаган эл менен, чек ара кызматкерлери менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп тыгыз иштешебиз деп ойлойм. Биздин милдет бир эле чыр чыккан учурда чек араны эстебей, жашоо агымы тынч өтүп жаткан кезде да ал жактагы көйгөйлөрдү унутпашыбыз керек. Чек ара деп калдыңыз, айта кетпесем болбойт. Ош облусунда тартип коргоочулар тарабынан учурда жакшы бир кадамдар жасалып жаткан экен. Ар бир айылдарда аймактык милициялар үймө-үй кыдырып, жашоочулар менен таанышып, өзүнүн байланыш телефондорун калтырып жатышыптыр. Облустук админстрация да өз кезегинде бул маселени колдойт. Алдыда чогуу иштерди алпарганга даярбыз.
— Эл сиз менен түз байланыша алабы?
— Мурдагы иш ордумда бир жарым жыл иштеп, эл менен жолугуп, маселесин көзмө-көз уккан учурларым арбын болду. Ал эми бул жакта азырынча атайын белгиленген күндөрү жарандарды кабыл алмакчымын. Оштун аймагынын чоң болгондугуна жараша, кайрылгандар көп болорун баамдап турам. Учурда интернеттин заманы эмеспи. Ал жактан да мүмкүн түз байланышуу жолдорун издейбиз.
— Ротацияланган мамлекеттик кызматкерлер барган жеринде мөөнөтү бүткөн соң, кызматынан көтөрүлөт деген сөздөр айтылды эле…
— Эми муну убакыт көрсөтөт. Биз жетекчилик жиберген жерге барып, берилген убакытта коюлган тапшырмаларды так аткарышыбыз керек. Мен Ошко күчүмдү, билимимди жумшап, эл үчүн кызмат кылууга келдим.
— Үй-бүлөңүз Ошко которулууңузду кандай кабыл алды?
— Аларга да күтүүсүз болду. Бирок менин мамлекеттик кызматкер экенимди, өкмөт жиберген жакка барып иштешим керектигин үй-бүлөм жакшы түшүнөт. Андыктан, эч кимиси деле каршы болгон жок. Мектепте окуган балдарым, буюрса, жаңы окуу жылынан тартып, бул жакта билим алып баштайт.
— Сизди социалдык тармактарда, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында криминалдык топтор менен байланыштырып келишет. Бул боюнча пикириңизди уксак?
— Ош облусуна жетекчи болуш күтүлбөгөн кабар болду дедиңиз, негизи эле Ош менен кичине болсо дагы байланышыңыз барбы?
— Ооба, бул касиеттүү жер менен көп эле байланышым бар. Кичинекей кезимде эжемдердикине келчүмүн. Алар да жумушуна байланыштуу Ош шаарында жашачу. 1992-жылы чет тилдери боюнча даярдоо курсту бир жыл Оштон окуп, андан соң Алматы шаарынан ЖОЖду бүтүргөм. Ошондогу шаарды азыр калааны аралап жүрүп эстеп жатам. Мен алгач кабарды уккан соң жолдо келе жатып, Оштон кимдерди тааныйм деп эсептеп көрдүм. Бир топ эле тааныш, дос, курдаштар бар экен.