Райым Матраимовдун доосу эмнеге канааттандырылганын райсот түшүндүрдү

25-июлда Биринчи Май райондук соту Матраимовдун кызматтан мыйзамсыз алынган доосун карап, аны канааттандырган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун КР өкмөтүнө карата берген доосу эмнеге канааттандырылганына түшүндүрмө берди.

Сот чечими. Райым Матраимов мындан кийинки кадамдары кандай болорун айтты
Эске салсак, 25-июлда Биринчи Май райондук соту Матраимовдун кызматтан мыйзамсыз алынган деген доосун карап, аны канааттандырган болчу.

Түшүндүрмөгө ылайык, Матраимовго карата коюлган бир катар айыптар далилденген эмес.

Атап айтканда, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган талаптардын бузулушун далилдеген нерсе жок.

"Матраимовду дисциплинардык жазага тартуу боюнча кызматтык иликтөө менен дисциплинардык комиссиянын корутундусу дагы жок. Андан сырткары, жабырлануучу 2017-жылдын 21-ноябрынан 29-ноябрга чейин дарыланып жаткан учурунда кызматтан алынган. Ошондой эле Бажы кызматынын төрагасы жогоруда келтирилген жүйөлөр боюнча Матраимовду кызматынан бошотуу боюнча билдирүүсү болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2017-жылы премьер Сапар Исаков Матраимовду "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматынан бошоткон.