Биздин пансионатта учурда үч куткаруучу иштейт. Ушул кезге чейин алар жетишип эле иштеп келе жатышкан. Мындай пикирин Чыныбай Турсунбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, куткаруучулар үйрөтүлгөн тартипте, белгиленген саатта кезектешип иштешет.
"Биздин пансионатта куткаруучулар бар. Учурда үчөө. Алар жакшы эле тажрыйбалуу болсо да, жыл сайын ӨКМ окуткан даярдык курстарын өтүп турушат. Жайкы эс алуу сезону Ысык-Көлдө ашып барса 40 күн. Мындай кыска убакытка куткаруучулук жумушка киши табуу да кыйын. Андыктан, биз аларды жылдын башка мезгилдеринде кароолчу, атайын күзөттүн кызматкери кылып эс алуучу жайга алып калып, жайында куткаруучуулукту беребиз. Эсептей келгенде биздин пансионатка үч куткаруучу жетет", — деди Турсунбеков.
Ал куткаруучулар атайын белгиленген жерлерде отуруп, эс алуучуларга көз салып тураарын кошумчалады.
Анткен менен Турсунбековго тиешелүү болгон "Акун" пансионатында журналист Уланбек Эгизбаев сууга чөгүп каза болгон.