Радио

Кулназаров: туура эмес өсүп жаткан жаакты бала кезде түздөсө болот

Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы боюнча бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулназаров адамдын жаак сөөктөрүнүн туура өсүшүнө кичинекей чагынан баштап көңүл буруш керектигин айтты.
Sputnik
Кулназаров: туура эмес өсүп жаткан жаакты бала кезде түздөсө болот

Туура эмес өсүп жаткан жаакты бала кезде түздөсө болот. Ортодонт адистер муну убагында байкап, баланы көзөмөлгө алуусу зарыл. Бул тууралуу Кулназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаак сөөктөрдүн туура эмес өсүүсү адамдын жашы жогорулап калган кезде операция жолу менен гана калыбына келет.

"Балдар кичинекей кезинде тиш догдурлар алардын жаак сөөктөрүнүн туура өсүшүн да көзөмөлгө алуусу керек. Эгер бир жаагы өспөй же тескерисинче эрте чоңоюп баратканын байкаса, атайын жабдуулардын жардамы менен жаакты түздөө башталат. Бала аларды тишине кийип, кээ бир учурда бир топ жылдарга чейин жүрөт. Жыйынтыгында жаактары теңделип, операция талап кылынбайт. Тилекке каршы,  бизге жабдуулардын жардамы менен түздөөгө мүмкүн болбой калган куракта кайрылышат. Анда операция жасоого аргасыз болобуз", — деди Кулназаров.

Дарыгер чет элде жасалчу татаал операциялар Кыргызстанда деле кылынарын айтты.