Телефондорду каттатып баштасак, баасы кымбаттайбы? Ишкерлердин жообу

Ишкелер уюлдук телефондорду 100 сомго каттатуу реэкспортко кандай чагыларын жана демилге байланыш каражатынын канчага кымбатташын шарттай турганын болжолдошту.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Телефондорду милдеттүү түрдө каттатуу алардын кымбатташына алып келерин өлкөгө акылдуу телефондорду ташыган ишкерлер Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдиришти.

Телефондорду каттатып алып көтөрсөк, уурдалбай калабы? Адистин жообу
Кыргызстанга уюлдук телефондорду ташып келүүдө ишкерлерди аларды каттаттууга жана анүчүн 100 сомдон төлөөгө милдеттендирүү демилгесин КР Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети (МТМК) сунуштады. Мекеме тийиштүү документти коомдук талкууга алып чыкты.

Атын атагысы келбеген импорттоочу телефондун баасынын жогорулашына 100 сомдук алым гана эмес, өлкөгө аппараттардын мыйзамсыз негизде кирбей калышы да таасир этерин айтат. Ишкер билдиргендей, Кыргызстанга негизинен телефондор Кытай жана Бириккен араб эмирлигинен, тагыраак, Дубайдан алып келинет.

"Дубайдан телефондор расмий түрдө алып келинип, бажы жол-жобосунан өтөт, бирок, көпчүлүк Кытайдан аткезчилик жолу менен алып келишет. Эгер милдеттүү каттатууну киргизишсе, анда бажы жол-жобосунан кача албай калышат да, андан улам баа да жогорулайт. 100 сомдук алым бааны көтөрөт, бирок, телефондордун кескин кымбатташына алып келбейт. Баага негизинен көмүскө импорттун жоюлушу чоң таасир этиши мүмкүн. Азыр эгер Кытайдан ташып келинген телефондор БАЭден келгендерге караганда миң сомго арзан турса, эми алардын баасы ошончого кымбаттайт", — дейт ишкер.

"Коопсуз шаар" боюнча 2,5 млрд. сомдон ашык акчага тендер жарыяланды
Импорттоочу ошондой эле телефонду каттатуу реэкспортко катуу таасир этерин белгилейт. Өз булактарына таяна бул ишкер Кыргызстанга бир жыл ичинде эки миллионго чейин телефон ташыларын айтты. Алардын 200-250 миңи өлкө аймагында калып, калганын башка мамлекеттерге алып кетишет. Маектешибиздин пикиринде, жаңы эреженин кесепетинен ишкерлер телефондорду Кыргызстан аркылуу ташуудан баш тартышы ыктымал.

Ысмынын купуя сакталышын өтүнгөн дагы бир ишкер бизнес бул жаңылыктан жабыр тартпай тургандыгын билдирди. Себеби, тийиштүү мекеме кардарлар төлөй турган үстөк акыны киргизет. Ишкер милдеттүү каттатуу усулун киргизүүгө каршы эместигин билдирет, анткени, мындай чара Түркияда натыйжалуулугун айгинелеген.

Демилгечинин жообу

Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Эшмамбет Аматов мындай ыкма дал ошол аткезчиликти жоюуга багытталгандыгын белгилейт.

"Эгер телефон чек арадан өтөрдө катталбаса, анда Кыргызстанда ал иштебейт. Албетте, андай болсо, эч ким сатып албайт. Сатып алуучу ошол жерден эле телефон катталып же катталбаганын дароо текшере алат", — дейт Аматов.

Аматов: уюлдук аппараттарды каттоого алсак бюджетке кошумча каражат түшөт
Буга катар МТМК башчысынын орун басары токтом кабыл алынса, анда транзит менен башка өлкөлөргө чыгарууга алып келинген телефондор да катталарын айтат.

Аматов бул болгону демилге экендигин, каалаган кишилердин баары аталган мекемеге ойлорун, сын-пикир жана сунуштарын жөнөтө аларын кошумчалады. Коомдук талкуу аяктаганда демилгечи бардык ой-пикирлерди эске алуу менен коомчулукка да ылайык келген долбоорду иштеп чыкмакчы.