БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Атамекендик "Алга" клубунун тарбиялануучусу Илзат Ахметов Москванын ЦСКА клубуна өттү. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайтына жарыяланды.
20 жаштагы футболчу төрт жылга келишим түзүп, ага 77 деген номер берилди. Ал бүгүн эле командасы менен Нижний Новгороддо Россиянын Суперкубогу үчүн беттеш өткөрөт.
Илзат Ахметов 1997-жылы Бишкек шаарында төрөлуп, борбор калаадагы "Алга" клубунда ойноп баштаган. 2009-жылы Россияга көчүп кетип, Коноплев атындагы академияда машыккан. 2014-жылы Казандын "Рубин" командасынын катарына кошулган. 16 жашанды негизги курамда ойноп, эң жаш футболчу аталган. 2014-жылы 20-октябрда биринчи жолу Россиянын премьер-лигасында ойногон. Андан сырткары, 18 жаштан 19 жашка чейинкилер арасындагы Россиянын өспүрүмдөр курамасына кирген.