Сот чечими. Райым Матраимов мындан кийинки кадамдары кандай болорун айтты

Биринчи Май райондук соту 25-июлда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун доосун канааттандырган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Райым Матраимов экинчи тарап кайрадан арыз жазып, иш шаардык сотко өтсө, же дагы башка өзгөрүүлөр жаралса ошондо жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен маектешкенге даяр. Бул тууралуу Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Адвокаттын айтымында сот акыйкаттык менен чечилди. Анткени Райым Матраимовго мыйзам бузуу менен кылмыш иши козголгон.

"Райондук сот биздин арызды канааттандырды, бирок азырынча Райым Матраимов бул тууралуу өз пикирин билдирүүдөн баш тартууда. Ал журналисттер менен маектешүүгө даяр. Болгону эгер оппоненттер кийинки инстанцияларга арызданса ошондо өз оюн айтат", — деди жактоочу.

Бул өч алуу! Атамбаев Матраимов боюнча сот чечимине пикирин билдирди
Биринчи Май райондук соту 25-июлда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун доосун канааттандырган.

Эскерте кетсек, Райым Матраимов 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2017-жылдын 23-ноябрында премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен аны кызматтан алган. Кийин Исаков кызматтан кеткенден кийин Матраимов негизсиз иштен алынганын айтып, өкмөттү сотко берип, кызматына кайтарууну суранган болчу.