Кыргызстандын футболчулары ойночу Азия кубогунун билеттеринин баасы жарыяланды

Кыргызстандын курама командасы быйыл алгачкы ирет Азия кубогунда ойнойт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Футбол боюнча Азия конфедерациясы Азия кубогуна арналган оюндарга 30-июлдан тарта билеттер сатыкка чыгарын жарыялады. Бул туурасында Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Билеттерди таратуу системасы тууралуу толук маалымат азырынча белгисиз.

Кыргызстан "Азия чемпионаты — 2019" оюндарында ким менен ойнору аныкталды
Бардык билеттер үч категорияда бөлүнгөн. Азия кубогунун тайпалык этаптагы, тагыраак айтканда 1/16 финалдык оюндарына 25, 50 жана 75 дирхамдан (болжол менен 465, 929 жана 1394 сом) сатылары айтылды. Бир дирхам 18,54 сом болот.

Чейрек финал жана жарым финалга 50,75 жана 150 дирхам. Ал эми финалдык беттештин билеттери 75, 150 жана 300 дирхамдан айланууда.

Азия кубогу Бириккен Араб Эмирлигинде 2019-жылдын 5-январынан 1-февралга чейин өтөт. Анда улуттук команда С тобунда Түштүк Корея (7-январь, Аль-Айн), Кытай (11-январь, Аль-Айн) жана Филиппин (16-январда, Дубай) командалары менен ойнойт.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы март айында Мьянма менен Индияны утуп, Азия кубогу үчүн ойноо укугуна ээ болгон. Анда кыргызстандыктарды ФИФАнын башкы катчысы Фатма Самура, 1998-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпиону, "Реал Мадриддин" мурдагы оюнчусу Кристиан Карамбе куттуктаган.