Индонезияда эки бети бар ымыркай жарыкка келген. Видео

Гилан Эндик деген ысым берилген бөбөктүн эки бетинен сырткары эки мээси бар болуп чыкты.
Sputnik

Индонезиянын Батам шаарында эки бети бар ымыркай жарыкка келгендигин Daily Mail басылмасы жазды.

Гилан Эндик деген ысым берилген бөбөктүн эки бетинен сырткары эки мээси бар болуп чыкты.

Бул видео YouTube каналына жайгаштырылган.

Сейрек кездешкен сүрөт! Балыкчылар эки баштуу дельфин кармап алышты
Эки айлык баланын калган органдары башка бөбөктөрдүкүндөй — бир тулку бою, эки колу-буту экөө. Дарыгерлердин айтымында, эгиздер курсакта жатканда эки башка өнүкпөй калгандыктан ушундай ымыркай төрөлгөн.

Ал эми баланын энеси түйүлдүктүн курсактагы кезинде УЗИге түшкөндө медицина кызматкерлери эч кандай кемтик таппагандыгын айткан.

Дарыгерлер бул 250 миң адамдын ичинен бир кишиде кездеше турган сейрек көрүнүш экендигин билдирген. Алар эки бет менен эки мээнин болушу баланын башында ашыкча суюк заттын топтолушун шарттарын айтышкан.

Жергиликтүү дарыгерлер балага жардам бере албай тургандыгын моюнга алып, баланын ата-энесине Жакартадагы заманбап жабдуулар орнотулган хирургиялык ооруканага барууга кеңеш берген.