Сапар Исаковду колдогон эл Жогорку соттун алдында топтолуп турат. Сүрөт

Коомдук тартипке укук коргоо органдарынын онго жакын өкүлү көз салууда.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жогорку сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын жабык эшик артында карап жатат. Сот отурумуна Исаковдун жактоочулары гана киргизилди.

Жогорку соттун имаратына Исаковду колдоп 20-30дай киши топтолду.

1 / 5
Жогорку сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын жабык эшик артында карап жатат.
2 / 5
Жогорку соттун имаратына Исаковду колдоп 20-30дай киши келди.
3 / 5
Алар колдоруна "Сапар Исаковдун күнөөлүү экенине ишенбейбиз", "Жаштар Сапар Исаков менен", "Сапар Исаковду коё бергиле", "Адилеттүүлүккө ишенебиз" деген транспаранттарды кармап алышкан.
4 / 5
Белгилей кетсек, шаардык сот Сапар Исаковду тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
5 / 5
Мурдагы премьер "Коррупция" беренеси менен айыпталууда.

Алар колдоруна "Сапар Исаковдун күнөөлүү экенине ишенбейбиз", "Жаштар Сапар Исаков менен", "Сапар Исаковду коё бергиле", "Адилеттүүлүккө ишенебиз" деген транспаранттарды кармап алышкан.

Белгилей кетсек, шаардык сот Сапар Исаковду тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Мурдагы премьер "Коррупция" беренеси менен айыпталууда.