Сот отурумунан кийин Сапар Исаковдун апасы Нургүл Өмүрбаева ЖМК аркылуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылды.
Өмүрбаева ак ийилип бирок сынбай турганын айтып, Исаков ушул учурга чейин ак иштеп келгенин белгиледи.
"Кудай деле көрүп турат. Бир жерден бир нерсени жеп алайын деген ою болгон эмес. Чындык кайда? Калыстык кайда? деген суроо бергим келет. Ушул убакка чейин өлкөнү талап тоногондор кутулуп кетип жатпайбы, алар эмне менен кутулуп жатат? Акча менен кутулуп жатат. Ооруканага да жатып алып, кээси качып кетип жатат. Менин балам качкан жок. Эмнеге качат? Эл алдында, журт алдында жүзү жарык болсо эмнеге качат?" — деп суроо салды ал.
Исаковдун апасы анын бир гана айыбы эл үчүн иштеп бергени экенин билдирди.
Өмүрбаева ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, ишти туура жагынан чечип берүүгө жардам сурады.
"Сооронбай Жээнбековго кайрылгым келет. Ушул ишти көзөмөлгө алып, акыйкаттык менен чечип берүүңүздү суранам. Бир кезде сыйлашып чай ичишип жүргөн адамдардан элек го. Кандай болуп калды мен түшүнбөй калдым. Сөз жетпейт", — деди Өмүрбаева.