БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ооруканадан убактылуу кармоочу жайга которулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
Артыкбаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштердин алкагында кармалган. Кийин аны тергөө аяктагыча камакта калтырышкан. Ден соолугу начарлаганына байланыштуу 10-июлда ооруканага жаткырылган болчу.
Ушул эле кылмыш иштин алкагында өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков жана Улукттук энегохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев дагы абакта отурат.