Sputnik Кыргызстан агенттигине бул ирет "Мен ишкермин" деп аталган ишкерлер клубунун негиздөөчүсү Асел Алымбаева келип, жеке тажрыйбасына таянып соода, ишкерлик кылуунун жолдору тууралуу айтып берди.
Алымбаева 30 жашта болсо да учурда 200дөн ашуун адамды жумуш менен камсыз кылып, бир эмес, эки тигүү цехин иштетип, Кыргызстандын бренди менен чет өлкөгө кийим-кече экспорттойт.
— Ар бир иштин өз тарыхы болот эмеспи. Ийгиликке жетүү үчүн сиз да оңой эмес жолду басып өтсөңүз керек?
— Россияга барып иштегенге чейин Кыргызстанда соода кылчу белеңиз?
— Бул жумушка кичинемден эле бышкам. Апам дүкөн иштетчү. 2-класс кезимде эле ал жокто дүкөндөн соода кылып, сыртта атамдын күйүүчү майын сатып иштечүмүн. 6-классымда узакка созулган оорудан атам бул дүйнө менен кош айтышты. Ошондон баштап толугу менен бул ишке киришип, апама жардам берүүнү чечтим. 6-класста окуган күндөн тарта Токтогулдан Бишкекке товарга келчүмүн. Акчанын баарын апам белиме жоолук менен байлап берет. Шаарга жеткиче уктамай жок. Бишкектен товарды дайыма бир жерден алчубуз да, дароо барган унаага жүктөтүп алып кайра айылды көздөй жөнөчүбүз. Азыр карасам, 6-класстын кыздары аябай эле кичинекей кыз көрүнөт го.
— Үйдүн улуусусузбу?
— Менден улуу эжем бар. Бирок кичинемден эле сырттагы жумуштарга жакын болчумун. Инилерим болсо ал кезде кичинекей эле.
— Соода менен жүрүп окууну таштап салган жок белеңиз?
— Мектепте жакшы окуган, активдүү кыз элем. Кечинде ойноп, чарчап эрте эле уктап каласың го. Таң атпай алтыда туруп алып сабактарымды окуйм. Улуу эжем да эртең менен окусаң мээңе бат кирет деп айта берчү. Класском, мектепте кыздар кеңешчиси да болуп жүрдүм. Үйүбүз мектепке чукул болгондуктан тыныгуу болгондо малга чөп салып келе калчумун. Сабактан кийин келип огородду карап, дүкөндө соода кылып айтор, эшиктин жумушуна бышып чоңойдум.
—Жогорку билимди алдыңызбы же ошол бойдон соодагер болуп кеттиңизби?
— Россияда соода кылып жүргөндө кандай кыйынчылыктарга тушуктуңар?
— Биринчи эле паспорт, документ маселесинен кыйналдык. Андан сырткары башкалардан товар алсаң анын убагында акчасын бериш керек. Бирок соода кээде болот, кээде токтоп калат дегендей. Андан кийин "товарды дүңүнөн алып сатып иштейин" деп Россиядан кыргызстандык бир банк таап 100 миң рубль (3 миң доллар) насыя алдым. Бишкектен "Дордой" базарында иштеген бир эжени таап "калган акчасын кийинчерээк берем" деп 11-12 миң долларга товар алып аны айлантып баштадым. Азыр ойлосом ошондо кыйын экенмин, эч нерседен коркпой тобокелдикке салып иштептирмин. Жаш ишкерлерге кеңешим — бизнес биринчи эле мамиледен башталат, адамдар менен жакшы сүйлөшүп, тилин тапсаң ишиң да жакшы жүрөт. Бирок Россияда жүргөндө баары эле мен ойлогондой, жиптке тизген шурудай шыр кеткен жок. 8 миң долларга чейин кайра артка кетип, чыгым болгон күндөр өттү. Бирок баарын жолдошум экөөбүз жеңдик. Эки кызымды тең төрөөр-төрөгүчө соода кылып иштедим.
— Жолдошуңар кайсы тармакта эмгектенет?
— Ишкерлик кылууда бир адам эч нерсеге жетишпейт. Азыр деле бир туугандарымдын баарын бул ишке тарткам.
— Россияда жумушуңар жакшы жүрүп жатса, бул жакка келүүгө эмне себеп болду?
— Ал жакка кетип жатканда "баары бир кайра Кыргызстанга келем" деп максат бар эле. Анын үстүнө кызым да 1-класска кириш керек болуп калды. Ошону менен Бишкектен да соода кылып байкап көрөлү деп чечтик. Россияга чоң кийим дүкөнүн ачып туруп кеткенбиз. Кыргызстандан дагы ишибиз жакшы жүрүп, итибиз чөп жей баштады. Жолдошум экөөбүз тең ойлонуп туруп, Бишкекте эле калууну чечтик.
— Ооба, Бишкекке келгенде өзүбүз кийим тигип Россиядагы дүкөндөрүбүзгө жөнөтүп турууну чечкенбиз. Азыр эки тигүү цех иштеп жатат. Атайын бренд менен кийимдерибизди Россия, Казакстанга экспорттойбуз. 200гө чукул адамды жумуш менен камсыз кылганбыз. Мындан сырткары Кыргызстанда, Россияда дүкөндөрүбүз бар. Ал жакта да өзүбүздүн балдар-кыздар эмгектенет.
— Билишимче, Кыргызстанда өндүрүлгөн кийим-кеченин көбү Россияга кетет. Орус туугандар кыргызстандыктар тиккен кийимдердин эмнесин баалашат?
— Биринчиден, биздин кийимдер арзан. Экинчиден, баасы менен сапаты бири-бирине дал келет. Кээде Түркиядан келгендердин баасы кымбат болгону менен сапаты начар учурлар кездешет. Кытайлардыкы көбүнчө кичинекей болуп калат. Бизде болсо чоңураак өлчөмдөгүлөр көп тигилет. Жалаң кыз-келиндерге ылайыктуу кийим-кече чыгарылат.
— Жакында эле түзгөн "Мен ишкермин" клубу тууралуу да кеп кылсаңыз?
— Клубдун негизги максаты — жаңы иш баштап келе жаткан стартаптар менен ийгиликтүү ишкерлердин ортосуна көпүрө болуу. Азыр Кыргызстанда ишкерлик кылуу боюнча көп эле окутуулар болот. Бирок анын көбү кымбат. Ага студент же айлыгы аз кызматкерлер катыша албай калышат. Мындан улам, биз жөнөкөй, элге жеткиликтүү болсун деп ушул клубду түздүк. Кымбат тренинг алсак дагы аны демөөрчүлөр менен жапканга аракет кылабыз. Тренингдерибиз ар ишембиде өтүп турат, баасы элдин чөнтөгүнө ылайыктуу 300 сомдон.
— Ал жерде эмне тууралуу сөз болот?
— Ишкер болом деген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?
— Биринчиден, адам өзүнө анализ кылып жүрөгү эмнени, кайсы жумушту каалап жатканын билиши керек. Жалкоолук деген жаман адаттан арылып, ойлоп жаткан нерсесин коркпостон баштап көрсүн. Тобокел кылбасаң, ишкер да боло албайсың. Анан сөзсүз түрдө эрктүүлүк керек.
— Алдыда кандай пландарыңар бар?
— Жеңил өнөр-жай тармагында көбүрөөк жумуш орундарын түзүп, кийим чыгаруу фабрикасын ачсам деп ойлонуп жатам. Мындан сырткары айылдагы түйшүктөрдү да көрүп келдим. Ошол жакта сүт иштетүүчү заводдорду ачсак абдан жакшы болгудай. Себеби байке-жеңелерибиз сүттөн акча жасаш үчүн аны тартып, каймагын чогултуп, сүзмө кылып, курут жайып айтор, көп жумушту жасашат экен. Дагы бир максатым — мектеп программасына жок дегенде 9-11-класстарга акча тууралуу сабактарды киргизүү. Бул үчүн азыр бизнес тармагында билимимди жогорулатып жатам. Карап көрсөк, Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнүн ар биринин бизнеси бар. Каражат табууну үйрөнүү балага ашыкча болбойт. Биз экспорт, жеңил өнөр жайды көбөйтүү менен Кыргызстанды өнүктүрө алабыз.