БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кызы менен уулу Ысык-Көлдү сүзүп өткөнүн алардын энеси Асел Турдалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ал балдарынын видеосун Facebook баракчасына жарыялады.
"Балдарым 16 чакырым аралыкты 8 саат 27 мүнөттө сүзүп өттү. Зинаида 15 жашта, Азрет 14 жашта", — деп жазды ал.
Балдарды атасы, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Эркин Асрандиев Sputnik Кыргызстан агенттигине кызы менен уулу түштүк жээктеги Кара-Талаа айылынан түндүк жээктеги Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп барганын айтып берди. Балдар сүзгөндү эки жыл мурда үйрөнүшкөн.
"Алар үч айдан бери машыктыруучуга барып, үйрөнүп жатышкан. Толкунга, туздуу сууга көнсүн деп 20 күн бою көлгө алып чыктым. Балам бокско, кызым тоо лыжасына, чуркоого жана фитнеске кызыгат. Бардыгы апасы Москвага барар алдында башталды. Балдарым аны ээрчишти. Мен апаңар менен баргыңар келсе Ысык-Көлдү сүзүп өткүлө дедим, балдарым макул болду", — деди Асрандиев.
Ал эми Эркин Асрандиев өзү Ысык-Көлдү 2017-жылы августта сүзүп өткөн.