Эл аралык уюм Кыргызстанда 24 миң кул бар дейт го. Отчет

Ал эми дүйнө жүзүндө 40 миллионго чукул азыркынын кулу бар экени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Walk Free Foundation деп аталган эл аралык укук коргоо уюмунун аныктамасына караганда Кыргызстан кулчулуктун 2018-жылкы глобалдык индексинде 85-орунда турат.

Адистердин эсептеп чыкканына караганда, Кыргызстан боюнча азыркынын кулчулугунда 24 миң адам жашап жатат. Бул 100 миң калкка 411и эрки чектелген адам туура келет дегенге барабар.

Казакстанга кетип 10 жылдан бери дайынсыз болгон уулуна жете албаган эне жардам сурайт
Walk Free Foundation уюмунун маалыматына караганда, азыркынын кулу деп коркутуп-үркүтүү, кыйноо, зомбулук, орой мамиле, алданып иштеп жүргөндөрдү атаса болот.

Аналитиктер дүйнөнүн 167 өлкөсүн иликтеп, биринчи орунда Түндүк Корея турганын аныктышкан. Бул өлкөдө ар бир онунчу адам кул болуп эсептелет. Ошондой эле ондукка Эритрея, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Афганистан, Мавритания, Түндүк Судан, Пакистан, Камбоджа жана Иран кирет.

Борбор Азия мамлекеттеринен арасында бул жаатта абал Өзбекстанда оор экени айтылган. Бул өлкөдө 160 миң адам кул деп эсептелип, республика тизмеде 69-орунга чыкты. Анын артында эле 75-позицияда Тажикстан турат.

Мындан тышкары дүйнө жүзү боюнча 40 миллион адам азыркынын кулу болуп жүргөнү айтылат. Алардын 71 пайызы кыз-келиндер.