Кызганыч жана акча. Бычакталган Сарчаев менен жубайы эмнеге араздашкан

Милиционер оор жаракатынан улам 17-июль күнү ооруканага түшүп, эртеси шектүү катары жубайы кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Чүй облустук милициянын мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевдин бычакталышынын себептерин Жогорку соттун маалымат кызыматы билдирди.

"Милиционер менен аялынын ортосунда кызганычтан жана каржылык маселелерден улам жаңжал чыгып, аялы бычак менен бир нече ирет сайып жиберген", — деп жазылат билдирүүдө.

Чүй милициясынын мурдагы башчысын бычактады деген жубайы үй камагына чыгарылды
Ошондой эле жабырлануучу жубайына доосу жок экенин айткан.

Белгилей кетсек, жума күнү, 20-июлда Сарчаевди бычактады деген аялы соттун чечими менен үй камагына чыгарылды.

Эске салсак, милиция кызматкери 17-июль күнү бычакталып, Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Эртеси күнү кылмышка шектүү катары жабырлануучунун аялына карата кылмыш иши козголгон