Суу ууртаганга убактысы болгон жок! Активисттер Сооронбай Жээнбеков тууралуу

Бейшемби күнү президент Сооронбай Жээнбеков жарандык сектордун 40 өкүлүн кабыл алып, бир нече саатка созулган жолугушуу өткөрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Өлкө башчы суроо-жооп форматында өткөн жолугушууда активисттер менен адам укуктары, сот реформасы, саламаттык сактоо, сөз эркиндиги, коорупцияга каршы күрөш сыяктуу маанилүү маселелер тууралуу кеп кылды.

Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүү, элдин турмушун жакшыртууда бардык тарап бирге иш алып барышы кетектигин айтып, мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда тыгыз конструктивдүү коммуникация болгондо коомдогу көйгөйлөр так аныкталарын белгиледи. 

Президент Сооронбай Жээнбеков встретился с активистами

"Сиздерди Кыргызстандын келечек тагдырына кайдыгер карабаган, интеллектуалдык потенциалы бийик, мамлекеттик эмес уюмдарда иштеген мамлекетчил адамдар деп билем, тааныйм. Сиздер менен жолугушуу чечими дагы мамлекеттин, элибиздин кызыкчылыгынан улам келип чыккандыгын баса белгилеп коёюн. Кыргызстанда демократиялык процесстердин калыптанышы, олуттуу саясий өзгөрүүлөр — мына ушул сиздердин түздөн-түз катышууңар менен болгондугун баса белгилегим келет", — деди Жээнбеков.

Жолугушууда бүгүнкү күндө чоң көйгөйлөрдүн бири болуп жаткан жетим балдар жана аларга татыктуу тарбия берүү маселесин "Балдарды коргоо лигасынын" башчысы Назгүл Турдубекова көтөрдү. 

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с активистами

"Кыргызстанда жетим балдар үйүнө түшкөндөрдүн саны акыркы жылдары 30 пайызга көбөйдү. Мисалы, 2015-жылы кароосуз калган 9 миңге чукул бала болсо, азыр 13 миңден ашып кетти. Негизи мамлекет балдар үйүндө тарбияланып жаткан ар бир балага айына 14 миң сомдон бөлөт. Бирок мунун 30 пайызы гана баланын өзүнө кетип, калган 70 пайызы аларды баккандардын айлыктары, ар кандай кызматтар үчүн жумшалат. А биз болушунча балдарга көбүрөөк каражат сарпталышын каалайбыз. Анткени балдар үйлөрүндө үй-бүлөдөгүдөй шарттар түзүлүп, жетим калган балдарды чоң турмушка татыктуу даярдашыбыз зарыл", — деди Турдубекова.

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с активистами
Анын айтымында, президент илгертеден кыргызда кароосуз калган балдар жана карыялар болбогонун айтып, азыркы кырдаалды сөзсүз жакшыртуу зарыл экенин баса белгилеген.

Ал эми "Дин, укук жана саясат" аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов президенттин бул кадамын абдан туура саясий чечим катары баалап, диний кызматкерлердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин көтөрүү сунушун киргизди. 

"Мечиттер жалпы улуттук саясатты жүргүзүүчү курал болуп калды. Андыктан, диний кызматкерлердин интеллектуалдык жана маданий деңгээлин көтөрүп, реформа жана модернизацияларды киргизишибиз керектигин сунуштадым", — деди Маликов.

Президент өз кезегинде бул маселелер боюнча чакан жолугушуулар болуп турарын билдирген.

Жээнбеков мамлекет үчүн бейөкмөт уюмардын мааниси зор экенин белгилегенин "Аялдардын дискуссиялык саясий клубунун" жетекчиси Калича Умуралиева билдирди. 

Правозащитница Калича Умуралиева

"Укук коргоо органдарында жана сот системасында ири реформа жүргүзүү маселеси каралды. Ансыз коррупция менен күрөшүү мүмкүн эмес. Мындан ташкары, Жээнбеков биртуугандары эмне иш менен алек болорун айтып берип жатып, азыр саясатта жүргөн иниси Асылбек Жээнбековду ишине аралаштырбай турганын белгиледи", — деди Умуралиева.

Өлкө башчы ар бир адамдын сунушун кунт коюп угуп, блокнотко жазып отуруп суу ууртоого убактысы болбогонун "Жардам берүү оңой" коомдук фондусунун директору Динара Аляева айтты. 

Директор общественного фонда "Помогать легко" Динара Аляева

"Мен президенттин так жанында отурдум. Улам бирибиздин сунуштарыбызды жазып жатып эки блокнотту толтурду окшойт. Суу ичкенге дагы убакыт тапкан жок", — деди Аляева.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков
Жолугушууга катышкандардын айтымында, президент активисттерден калышпай сунуштарды киргизип, мындан ары ар бир тармак боюнча тар чөйрөдө жолугуп, маселени тереңирээк такуулоону сунуштаган.

Адистин пикири

Евразия аналитикалык клубунун жетекчиси, политолог Никита Мендковичтин пикиринде, президенттин жарандык коомдун өкүлдөрү менен кезигип туруусу өтө маанилүү. 

Председатель Евразийского аналитического клуба и эксперт Российского совета по международным делам Никита Мендкович

Анын айтымында, бүгүнкү жолугушуу бийликтин бул багытта болгон жалгыз кадамы эмес.

"Жакында эле Экономика министрлигинин жетекчилиги бейөкмөт аналитикалык борборлордун өкүлдөрү менен жолуккан. Андыктан бүгүнкү жолугушууну бир чоң долбоордун бир бөлүгү деп билели. Бүгүнкү иш-чараны реалдуу жыйынтыктар үчүн уюштурулду деп дагы, бийлигин күчөтүү үчүн саясий кадам катары дагы баалагандар бар", — деди ал.

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с активистами
Эксперттин пикиринде, кандай болгон күндө дагы мындай жолугушуулар позитивдүү жемишин берет деп үмүт кылуу зарыл.