Панданын жаңы туулган балдарын көрдүңүз беле? Жүрөк элжиреткен видео

Аили аттуу панданын балдары туулгандан кийин эле интернет жылдызына айланды.
Sputnik

Чоң панданын жаңы туулган балдарынын жүрөк элжиреткен видеосу Кытайдагы Чэнду зоопаркында тартылган.

Кытайдагы кызыктуу кесиптердин тизмеси
Дарыгерлердин көзөмөлүндө жаткан мамалактарды көргөнү келген туристтер кезек күтүп калышкан.

Эми чоң панданын балдарына ысым берилет. Аларга ат тандоо үчүн зоопаркта атайын кастинг өтүп, каалоочулар өздөрү ойлогон атты сунуштай алат.

Кытай сейрек кездешкен бамбук аюуларынын мекени деп эсептелип, аларды өзгөчө коргоого алган. Ошондой эле панда Кытайдын символу болуп да саналат.