Окумуштуулар кофенин жыты адамдарга кандай таасир этерин айтышты

Изилдөөлөр бизнесте, окууда жана башка чөйрөдө жүргөндөргө жардам берери айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Стивенс технологиялык университетинин окумуштуулары кофенин жыты аналитикалык, математикалык тапшырмаларды эффективдүү аткарууга жардам берээрин аныкташты. Бул тууралуу MedicalXpress басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.

Окумуштуулар көп уктоонун зыянын айтып беришти
Изилдөөгө 100гө жакын адам катышкан. Алар алгебра сабагына тиешелүү 10 суроо камтылган тесттен өтүшкөн. Ыктыярчылар эки тайпага бөлүнгөн. Биринчи топтогулар отурган бөлмөдө кофенин жыты орноп турган, экинчи тайпадагылар болсо эч кандай жыт сезилбеген жакта отурушка. Натыйжада биринчи топтогулар экинчилерге салыштырмалуу жакшы жыйынтык көрсөткөн.

Анткен менен окумуштуулар биринчи бөлмөдө кофе эмес, курамында кофеин жок атайын суусундук жыттанып турганын ачыкташты. Ал эми катышуучулар "кофенин жыты жардам берип жатат" деп өздөрүн ишендирип алганын белгилешти.

Окумуштуулардын айтымында, бул изилдөөлөр бизнесте, окууда жана башка чөйрөдө жүргөндөргө жардам бере алат.