Sputnik агенттигинин журналисти Исмаил Мамытов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

Исмаил Мамытов 25 жашта болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан радиосунун жооптуу редактору, журналист Исмаил Мамытов 25 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ал оорудан улам Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.

Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси
Исмаил Мамытов 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юриспруденция адистигин аяктаган. "Санжыра" радиосунда, "Манас жаңырыгы" телерадио компаниясында алып баруучу болуп эмгектенген.

2015-жылдын сентябрь айынан бери Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында мугалим, 2016-жылдын март айынан тарта Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунда иштеп келген.

Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда сүйүктүүсүнө баш кошуп, 12-июль күнү үлпөт тоюн өткөргөн.

Sputnik Кыргызстандын жамааты Исмаил Мамытовдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.