Жээнбеков жарандык активисттер менен жолугушат. Журналисттер чакырылган жок

Өлкө башчы 30 активист менен баарлашат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков эртең, 19-июлда өлкөнүн жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков: кадрларды ротациялоо салты жанданат
Билдирмеге караганда, жолугушууга 30дан ашык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган.

Жарандык сектордун өкүлдөрү менен мамлекет башчысынын диалогунун алкагында мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Президенттин аппаратынан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылбаганын билдиришти.