Окумуштуулар рак илдетин алдын алуунун оңой жолун табышты

Ыкма онкологияны дарылоодо жакшы натыйжа берери айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Омега-3 кислотасы тамактын курамында жогору болсо рак илдетин алдын алууга жана анын жайылышын токтотууга өбөлгө болот. Бул тууралуу MedicalXpress сайтына таянуу менен РИА Новости жазды. 

Окумуштуулар кандай идиштер рак оорусун чакырарын аныкташты
АКШнын Иллинойс штатынын окумуштуулары омега-3 кислотасынын организмге тийгизген таасирин изилдешти. Билдирүүгө караганда, ал рак клеткаларын жок кылып, жайылышын басаңдатат.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, рак илдетин айыктырууда, азыркы кезде химиотерапия алдыңкы жана эң негизки ролду ойнойт, бирок омега –3 майлуу кислотасы тамак-аштын курамында жогору болсо, онкологиялык илдеттерди дарылоодо жакшы натыйжа берет.