Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкерди шайлоо башталды

Шайлоого Ош шаардык кеңештин 45 депутаты катышууда
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ош шаарынын мэрин шайлоо башталганын аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовду мэрликтен алып тынды
Шайлоого Ош шаардык кеңешиндеги беш фракциядан (КСДП, "Бир бол", "Мекеним Кыргызстан", "Өнүгүү Республика-Ата-Журт", "Кыргызстан") 45 депутат катышууда.

Алгач төрага Жапар Ормонов жыйынды ачып, сөз сүйлөдү. Учурда талапкер Таалайбек Сарыбашев Ош шаарын өнүктүрүүгө багытталган платформасы менен тааныштырууда.

Эскерте кетсек, Шаардык кеңештеги көпчүлүк фракция Ош шаарынын мэри кызматына Таалай Сарыбашевдин талапкерлигин көрсөтүп, бир добуштан колдошкон. Калаа башчылыгына андан башка талапкерлер чыккан эмес.