Кыргызстандын премьер-министри Грузиянын башчысы менен жолукту. Сүрөт

Мухаммедкалый Абылгазиев Тбилисиде Георгий Маргвелашвили менен жолукту.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугуп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуу Тбилиси шаарында "Ачык өкмөт" эл аралык саммитинин алкагында ишке ашты. 

Визит премьер-министра КР Мухамметкалыя Абылгазиева в Тбилиси

Абылгазиев Маргвелашвилиге Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан салам жолдогон. Өкмөт башчы бир катар жемиштүү жолугушууларды өткөрүп, Грузиянын премьер-министри менен дагы жолукканын билдирген.

"Өкмөт башчы Грузиянын мамлекеттик органдарынын эффективдүү иштөө системасын изилдеп, тажрыйба алууга кыргыз тарап кызыкдар экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Маргвелашвили өз учурунда Грузия ачык жана эффективдүү башкарууну ар дайым колдой турганын белгилеген.