Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаев бычакталып ооруканага түштү

Учурда экс-начальникке операция жасалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Чүй облусттук ички иштер башкармалыгыны мурдагы башчысы Нурлан Сарчаев бир нече жеринен бычак жеп ооруканага түштү. Бул туурасында жеке булактар билдирди. 

Кредит алган атасын уулу башка чаап, аялы бычактап салды. Окуянын чоо-жайы
Ал Чүй облустук ооруканасына бүгүн, 17-июлда саат 19.00дөр чамасында жеткирилген. Учурда ага операция жасалууда. 

Маалыматка караганда, Сарчаевди бычактоого өзүнүн аялы шектелип жатат. Жаңжал экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам келип чыкканы айтылууда. 

Эскерте кетсек, Нурлан Сарчаев Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө 19 жашар кыздын бычакталышына жол берген кызматкерлерге карата иликтөөнүн натыйжасында 4-июнда кызматтан алынган болчу.