Бишкекте машиналарга тагылган эки окшош номер кимисине таандык экени аныкталды

Күбө эки машинага бирдей номер тагып алгандарды 11-июлда Бишкектин Гагарин менен Кривоносов көчөлөрүнүн кесилишинен тартып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкекте эки машинага тагылган бирдей B0002J мамлекеттик номери BMW X5 автоунаасына катталганын Мамлекеттик салык кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бишкекте жасалма номер тагылган унаалар табылды. Сүрөт
Буга чейин күбө Бишкектен окшош номерди тагып алып кетип бараткан BMW X5 менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автонууалардын сүрөтүн Sputnik Кыргызстан агенттигине жиберген болчу. Анын айтымында, айдоочулар автоунааны каттоо тууралуу күбөлүктөрүн бири-бирине көрсөтүп салыштырышкан.

Сүрөт Гагарин менен Кривоносов көчөлөрүнүн кесилишинен тартылган.

"Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин базасында B0002J номери BMW X5 автоунаасына катталган. Андыктан Mercedes-Benz автоунаасында тагылып турган мамлекеттик номер жасалма. Анткени Мамлекеттик каттоо кызматы бир эле номерди эки жолу бере албайт. Эки айдоочунун тең каттоо тууралуу күбөлүгү болсо анын бирөөсү жасалмаланган", — деп мамкаттоодон маалымдашты.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы эгер жасалма мамлекеттик номерлер аныкталса айдоочуга 5 миң сом айып салынып, протокол түзүлөрүн билдирди.