Кыргызстандык таэквондочулар дүйнө чемпионатынан төрт медалга ээ болду

Дүйнө чемпионатына 46 өлкө катышты
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар таэквондонун WT версиясы боюнча дүйнө чемпионатынан төрт медалга ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган федерациядан кабарлашты.

Чемпионате мира по таэквондо WT среди студентов в городе Поханг (Южная Корея)

Мелдеш 10-15-июль күндөрү Түштүк Кореянын Поханг шаарында өткөн. Өлкө намысын беш эркек жана эки кыз коргогон.

"80 килограмм салмакта күч сынашкан Акбар Айтахунов алтын медалга ээ болду. Мындан сырткары эки коло жана бир күмүш медаль бар. Жалпы командалык эсеп боюнча III орунду ээледик", — деп айтышты федерациядан.

Дүйнө чемпионатына 46 өлкө катышкан.