Кичи Памирдеги кыргыздардын ханы көз жумду, ордун ким басаары белгилүү болду

Эрали хан көптөн бери ооруп жүргөндүктөн, Тажикстандын Мургаб районундагы ооруканага жаткырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Афганистан аймагында жайгашкан Кичи Памирдеги кыргыздардын башчысы Эрали хан 13-июль күнү узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына КРдин экс-вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова тастыктады.

"Мен вице-премьер-министр кезде Памирге барганда Эрали хан менен көрүшкөм. Ошол кезде эле ооруп жүргөнүн айткан. Кийин аны дарылоо үчүн Тажикстандын Мургаб районундагы ооруканага алып келишкен экен. Башчы 13-июль күнү көз жумса, сөөгү эртеси күнү эле жерге берилиптир",  — деди Султанбекова.

Анын айтымында, Кичи Памирге эми Эрали хандын уулу Жээнбайды башчы кылып шайлоо каралып жатыптыр.

Буга чейин Эрали хандын көзү өткөндүгү тууралуу анын жердештерине шилтеме берип, Памир аймагын изилдеп жүргөн журналист Жаңыл Жусупжан Facebook баракчасына жазган.

Журналисттин жазганына караганда, маркум 68 жашта болгон.

Экс-вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 2017-жылдын октябрь айында Афганистандын Улуу Памиринде жашаган 33 кыргызды Кыргызстанга көчүрүп келүү иш-чарасын жетектеген.