Франция дүйнө чемпиону болду

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалы Москва шаарындагы "Лужники"стадионунда өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду. Финалда Франциянан курама командасы Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алды.

Чемпионаттын финалы Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда өтүп, аргентиникалык калыс Нестор Питана көзөмөлдөдү.

1 / 8
Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болду. Финалда Франциянан курама командасы Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алды
2 / 8
Оюн башталганда эле командалар мыкты болуш үчүн өз аракеттерин көрүштү. 18-мүнөттө француздар эсепти ачты
3 / 8
Арадан он мүнөт өткөндөн кийин 28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңеди
4 / 8
Ал эми 38-мүнөттө футболчу Антуан Гризман пенальти тээп командасын 2:1 эсибенде алдыга сууруп чыкты
5 / 8
59-мүнөттө франциялык оюнчу Поль Погбанын тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип эсеп 3:1 болду
6 / 8
Арадан алты мүнөт өткөндө франциялыктар дагы бир гол киргизди. Бул жолу Килиан Мбаппенин тепкен тобу ийгиликтүү болду. Эсеп 4:1
7 / 8
Хорватиялыктар дагы оңой менен жеңилип бергиси келген жок. Экинчи таймдын 69-мүнөтүндө Марио Манджукичтин тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип, эсеп 4:2 болду
8 / 8
Калыс негизги таймга 5 мүнөт кошуп берди. Бирок командалардын аракетинен майнап чыккан жок.

Оюн башталганда эле командалар мыкты болуш үчүн өз аракеттерин көрүштү. 18-мүнөттө хорватиялык оюнчу Марио Манджукич өз дарбазасына гол киргизип алды. Арадан он мүнөт өткөндөн кийин 28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңеди. Ал эми 38-мүнөттө футболчу Антуан Гризман пенальти тээп командасын 2:1 эсибенде алдыга сууруп чыкты. Биринчи тайм аяктагандан кийин калыс кошумча 3 мүнөт берди.

Экинчи таймдын 53-мүнөтүндө аскер кийимин кийген күйөрмандар оюн талаасына чуркап чыкты. 

59-мүнөттө франциялык оюнчу Поль Погбанын тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип эсеп 3:1 болду. Арадан алты мүнөт өткөндө франциялыктар дагы бир гол киргизди. Бул жолу Килиан Мбаппенин тепкен тобу ийгиликтүү болду. Эсеп 4:1.

Биздикилер! Футбол чемпионаты кыргызстандыктардын эсинде эмнеси менен калды
Хорватиялыктар дагы оңой менен жеңилип бергиси келген жок. Экинчи таймдын 69-мүнөтүндө Марио Манджукичтин тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирип, эсеп 4:2 болду.

Калыс негизги таймга 5 мүнөт кошуп берди. Бирок командалардын аракетинен майнап чыккан жок.

Франция ушуну менен экинчи жолу дүйнө чемпиону болуп жатат. 1998-жылкы Футбол боюнча дүйнө чемпионатында Бразилияны утуп чемпион болгон.

Ал эми үчүнчү орун үчүн Бельгия менен Англия беттешкен. Жыйынтыгында бельгилык оюнчулар 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, быйыл футбол боюнча дүйнө чемпионаты 14-июнда башталып, 15-июлда жыйынтыкталды. Оюндар Россиянын 11 шаарындагы 12 стадиондо өттү.