Окумуштуулар телефон заряддай турчу кийим жасап жатышат

Жаңы кездеме бышык, ийилчээк келгени менен башкалардан айырмаланат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. АКШдагы Цинциннати университетинин инженерлери курамында көмүртек бар кездемени жасап жатат. Ал электрондук түзүлүштөрдү заряддаганга жөндөмдүү экенин Science Daily басылмасы жазды.

Окумуштуулар узак өмүр сүрүү үчүн жаңы программа ойлоп табышты
Окумуштуулар кездеменин негизги курамы катары көмүртек нанокуурларын алып, аны атайын лабораториялык шартта изилдеп жатышат.

Жаңы материалдын өзгөчөлүгү аны атайын ичке кылып жайып, бөлүүгө болот. Ошондой эле анын курамы жөргөмүштүн желесине окшош болгондуктан түрдүү кездемелерди токуганга мүмкүндүк берет. Дагы бир өзгөчөлүгү бышык, ийилчээк болот.