Атамбаев Албек Ибраимовдун кетиши боюнча билдирүү жасады

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэр Албек Ибраимовдун кайда экенин билбей труганын айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек мэри Албек Ибраимовдун кызматынан кетирилиши боюнча өз оюн билдирди. Билдирүүнү КСДП партиясынан маалымат кызматы таратты.

Атамбаевдин айтымында, мэрдин шаардык кеңештин жыйынына келбей калышына бир нече себеп болушу мүмкүн.

"Ибраимовдун жыйынга эмнеге катышпай калганын өзүнөн сураш керек. Балким ага маалымат жетпей калгандыр, же жөн гана депутаттарга ушул нерсе ыңгайлуу болгондур. Мүмкүн Ибраимов адилеттүү чечим кабыл алынарынан үмүтүн үзүп койгондур. Кандай ыплас иштер болуп жатканын карагылачы. Бул нерсе коррупция менен күрөшүүгө эч кандай тиешеси жок экенин бардыгы эле түшүнүп турат. Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматовго карата негизделбеген айыптоолордон кийин кайсы гана адам болбосун адилеттүүлүктөн үмүт кылбай калышы мүмкүн", — деди Атамбаев.

Албек Ибраимов шаардык кеңештин чечими боюнча видео кайрылуу жасады
Ошондой эле мурдагы өлкө башчысы Албек Ибраимовду бир топ чечилбей келген маселелерди оң жолго кое алган татыктуу мэр катары эсептей турганын айтты. Мындан тышкары, Ибраимовдун шаардыктардан жашынбай, ар дайым ачык-айкын иштегенин баса белгиледи.

Эске салсак, бүгүн, жума күнү Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары калаа башчысы Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берип, мэрди кызматынан четтетишти.