Кыргызстанга сырттан ташып келинген автомобилдердин бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү эки аптадан кийин 2014-жылкы көрсөткүчкө чейин ылдыйлайт. Ал эми электромобилдер таптакыр эле бекер киргизилет. Өкмөт мындай кадамы менен элди экологиялык талаптарга жооп берген унаа алууга үндөмөкчү. Дагы бир максаты — эски машиналардын санын кыскартуу.
Демилге унаа базарга кандай таасир этет? Кыргызстандык автопарк "жашарабы"? Качан баш калаабыздын көчөлөрүндөгү тыгындардан электр менен жүрүүчү унааларды көрүп калабыз? Бул суроолорубузга серепчилер жооп берди.
Кыргызстанга кандай унаалар ташылат?
Баанын кескин төмөндөшүнө үмүт артып болбойт, бирок бир жыл ичинде айдалып жүргөн автомобилдер арзандай турганын болжолдойт КР Базар, соода ишканалары жана тейлөө тармагы ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев.
"Жаңы тариф менен алып келинчү унаалар мурдагы төлөмдөр менен ташылган автомобилдерге олуттуу атаандаштык жаратат. Базардагы оюнчулар кааласа да, каалабаса да унааны арзан баада сатууга аргасыз болушат", — деп белгиледи ал.
Понамаревдун айтымында, негизинен 10-12 жыл мурун чыгарылган автолор гана ташылат, алар кыргызстандыктардын капчыгына бап.
Жол тандабастар дагы да сүймөнчүк унаалардын алдыңкы сабында. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, жол тандабай жүрүп турган машина зарыл. Андан тышкары, бензин, дизель жана газ республикада салыштырмалуу түрдө анча кымбат эмес, демек жол тандабастын май чыгымдары элди анчейин чочутпайт.
Бирок автомобиль рыногунда баа 2014-жылдагы калыбына кайтпайт деп эсептешет расмий дилерлер. Себеби оң рулдуу унааларды ташууга тыюу ошол боюнча сакталды.
"Япониядан алып келинген андай унаалар аябай арзан болчу. Азыр автону Европа жана Америкадан алып келишет. 2006-2007-жылкы чыгарылыштагы андай үлгүлөр эми кеминде 10 миң доллар турат. Беш жыл мурунку ошол эле Camry унаасын сизге 12 миң долларга айдап келип беришет. Андай акчага жапжаңы машина сатып ала аласыз", — деди автосалондордун биринин өкүлү.
Унаа сатуу менен профессионалдуу түрдө алектенген Ислам Кушанло өлкөгө европалык жана америкалык автомобилдерди ташып келүү дагы да кирешелүү эмес дейт.
Ал эми кытай машиналары шаарыбыздын көчөлөрүндө пайда болушу толук ыктымалдыгын айтат Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын директору Искендер Шаршеев.
"Кытайда электомобилдер жана гибрид автолорго ири көлөмдөгү инвестициялар салынган. Балким ал жактын ишкерлери Кыргызстандын аймагында автомобиль чыгаруу цехтерин ачууга ынтызар болоор", — деди серепчи.
Чын эле электромобиль айдап калабызбы?
Ислам Кушанлонун пикиринде, электр менен жүрүүчү машиналардын бажы жол-жобосу акысыз болгону менен көз ачып-жумганча Бишкекте жайнай түшөрү күмөн.
"Көп нерсе баадан көз каранды. Ооба, андай унааларды ташып келүүгө болот, бирок эл аларды сатып алуудан кооптонушу мүмкүн. Анткени азырынча эч кимдин алар боюнча толук маалыматы жок: кантип заряддайт? Кандай запастык бөлүктөрү керек? Баары бүгүн жакшы таанылып калган "Лексус" жана жол тандабастарга жетүүгө умтулат", — деди ал.
"Азыр электромобилдерди тейлөөгө толук даяр болгон унаа оңдоочу жайды таба аларыңыз арсар. Бирок базарда алардын саны көбөйө түшсө, тейлөө да бул өзгөрүүгө ыңгайлашат", — деп түшүндүрдү ал.
Бирок ошентсе да Кыргызстанда электромобилдердин келечеги кең деп эсептейт Сергей Пономарев.
"Электромилдердин идеясы өлкө үчүн да, жарандар үчүн да абдан жакшы нерсе. Бензиндин арзандары арсар, ал эми дүйнөдөгү эң арзан баадагы электр энергиясынын бири биздин өлкөдө. Экономикалык кызыкчылыгы артып, бирок ошол эле учурда маселенин экологиялык жагы да корголот", — деди Пономарев.
Ошондой эле серепчи электромобилдердин бажы төлөмүнүн жоктугу али жетишсиз экендигин баса белгиледи. Алар үчүн ылайыктуу инфраструктура болушу керек, ал эми өлкөдө азырынча андай шарттар түзүлө элек.
Токтом ЕАЭБ эрежелерине карама-каршы келбейби
Экономика боюнча эксперт Айдарбек Самыкбаев буга чейин өкмөттүн токтому ЕАЭБдин нормаларына каршы келбей турганын айткан. Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу келишимдин 26-пунктунда документтин күчүнө кирген маалынан тарта 2020-жылдын 1-январына чейин Кыргызстанда бажы төлөмдөрү менен салыктын коюму талап кылынбай турганы жазылган.
Жаңы токтом күчүнө киргенден тартып бажы төлөмдөрүнөн жылына 36 миллион доллар түшүп турмакчы. Мында импорттун көлөмү 2014-жылкы көрсөткүчтүн жок дегенде теңине барабар болушу шарт. Ал эми 13 жылдан ашык айдалган унаалардын алып кирүүдө төлөм мурдагыдай эле жогору бойдон калып, кыймылдаткычтын бир куб сантиметри үчүн 6 долларды түзөт. Мындай чара Кыргызстанга эски унаалардын агымын токтотот (коңшу өлкөлөрдө мындай машиналарды алып кирүүгө тыюу салынган).
Баса, чет жактан машина алып кирип калсаңыз, бажы төлөмү канча болорун эсептей турган калькулятор даяр.