Кыргызстанга машина алып кирсеңиз канча төлөрүңүздү билип алыңыз. Калькулятор

Өкмөттүн автоунааларга карата бажы төлөмдөрүн арзандатуу тууралуу токтому эки жумадан кийин күчүнө кирет. Биздин калькулятор аркылуу кыймылдаткычтын көлөмүнө жараша машиналарды алып кирүүдө канча төлөй турганыңызды эсептеп алсаңыз болот.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстанга машина алып кирүүдө ага төлөнчү акы төмөндөдү. Ошол эле учурда электромобилге нөлдүк коюм киргизилүүдө.

Эми өкмөттүн токтомуна ылайык, бирдиктүү бажы төлөмдөрүнүн коюму жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша бензин, дизель менен жүрө турчу автоунаалардын салыгы 2014-жылдагы менен теңелди.

Күзгө чейин Бишкектен үй сатып алууга үлгүрүңүз! Турак жай рыногундагы баалар
Ошондой эле гибриддүү автоунаалар үчүн шыктандыруучу бажы коюмдары киргизилүүдө (ар бир куб сантиметр үчүн 0,5 доллардан 0,6 долларга чейин). Электромобилдер нөлдүк коюм менен өтөт.

Машинаны алып кирүүдө канча сом төлөй турганыңызды эсептөө үчүн анын чыккан жылын, кыймылдаткычтын көлөмүн көрсөтүшүңүз керек. Андан сырткары, автоунаада жүргүнчү отура турчу орундук 12ден аз же көп экенин да белгилеши зарыл. Жыйынтыгында бажы төлөмү катары алына турчу сумма чыгат.

Өкмөттүн бул токтому эки жумадан кийин күчүнө кирип 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.