Чүй облусунда жашаган 67 жаштагы кемпирдин короосунан 107 баш апийим табылды

Баңгизат өсүмдүгү 10-июлда милиция кызматкерлери үймө-үй кыдырып текшерген учурда аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Чүйдө жашаган 67 жаштагы кемпирдин короосунан 107 баш апийим табылганын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

1 / 2
Чүйдө жашаган 67 жаштагы кемпирдин короосунан 107 баш апийим табылганын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди
2 / 2
Баңгизат өсүмдүгү 10-июлда милиция кызматкерлери үймө-үй кыдырып текшерген учурда аныкталып, укук коргоо органдары 107 баш апийимди табышкан.

Баңгизат өсүмдүгү 10-июлда милиция кызматкерлери үймө-үй кыдырып текшерген учурда аныкталып, укук коргоо органдары 107 баш апийимди табышкан.

Андан сырткары кемпирдин үйүнөн айнек банкага демделген апийимдин баштары табылган. Жалпысынан алганда 11 килограмм баңгизаты алынган.

Учурда Аламүдүн райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан сот-химиялык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.