Кыргызстанга жаңы эреже менен унаа алып кирүүнүн баасы. Таблица

Кыргызстанда сырттан алып келинген унааларга болгон бажы алымдарынын көлөмү кыскарып, электромобилдерге таптакыр эле төлөнбөй турган болду.
Sputnik

Мындай жол менен өкмөт жарандарды электр жана гибрид моторлуу унааларга үндөп, эскилиги жеткен машиналарды азайтууну көздөп жатат.

Күзгө чейин Бишкектен үй сатып алууга үлгүрүңүз! Турак жай рыногундагы баалар
Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, бензин менен жүрчү унаалардын бажы алымы 2014-жылдагыдай болуп калат.

Ал эми гибрид мотор менен иштеген унаа алгандар ар бир куб сантиметри үчүн 0,5-0,6 доллардан төлөйт.

Токтом 15 күндөн кийин күчүнө кирип, 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.