Москвада мекендештерин тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Москвада жашап иштеп жаткан кыргызстандыктарды тоногон топ пайда болгону тууралуу ыкчам маалыматтар февраль айынан тарта түшө баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Москва шаарында мекендештерин тоноп жүргөн кылмыштуу топ кармалганын КР ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Шумдугуң кур!.. Бишкектин четиндеги акча алмаштыруу жайы көз көрүнөө тонолду
Ага ылайык, 2018-жылдын февраль айынан тарта КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандан келип ишкерлик менен алектенип жана башка жумуштарда иштегендерди криминалдык топтун мүчөсүбүз деген топ коркутуп акча алып жатат деген ыкчам маалыматтар түшө баштаган.

ИИМдин өкүлчүлүгү түрдүү булактардан тактап, факты аныкталгандан кийин Москва шаарынын ички иштер башкармалыгына кайрылган. Түшкөн материалдар иликтенгенден кийин Москва ШИИБи кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо үчүн кызматкерлерди бөлүп берген.

Өздөрүн кылмыштуу топтун мүчөсүбүз дегендерден ыдык көргөндөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин алар укук коргоо органдарына кайрылышкан.

"2018-жылдын 5-июлунда Москва шаарынын Нагорный району боюнча тергөө бөлүмү тарабынан белгисиз кишилерге карата Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 163-беренесинин 2-бөлүгү (топтошуп алып зомбулук менен карактоо) менен кылмыш иши козголгон", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 5-6-июлда КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргеликте ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, кылмыштуу топ кайсы жакта, эмне менен жүргөнү аныкталган.

"Москва шаарында өткөн атайын иш-чара учурунда топтун мүчөлөрү кармалып, алардын ичинде 8 жаран Кыргызстандын тургуну экени аныкталган. Колго түшкөндөр Hyundai Solaris үлгүсүндөгү үч машина жана Subaru Forester унаасы менен жүрүшкөн", — деп айтылат маалыматта.

Москвада 42 кыргызстандык кармалды. Элчиликтин түшүндүрмөсү
Кармалгандардын ичинде Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 26 жаштагы тургуну менен Сузак районунун 25 жаштагы тургуну жогоруда айтылган кылмыштарга тиешеси бар экенин аныкталган. Алар ишкерден "К.К. аттуу мыйзамдагы уурунун атынан келдик" деп коркутуп 50 миң рубль алып, ай сайын ушунча көлөмдө төлөп туруусун талап кылышкан.

Hyundai Solaris автоунаасын тинтүү учурунда ичинен бычак, темир таяктар алынган.

Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат. Ошондой эле жабыркагандарды аныктоо аракеттери көрүлүүдө.