Калык Акиев көчөсү автоунаа үчүн Киев көчөсүнөн Жибек Жолуна чейин ачылды. Сүрөт

Бул көчө совет мезгилинен бери оңдолгон эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Калык Акиев көчөсү Киев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин автоунаа үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

1 / 2
Бишкек шаарындагы Калык Акиев көчөсү Киев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин автоунаа үчүн ачылды
2 / 2
Мэриядан кабарлашкандай учурда Калык Акиев көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки аралыгына жол белгилери орнотулууда.

Ага ылайык, учурда жумуштар толук аяктай элек.

"Калык Акиев көчөсү кенен болбогон үчүн айдоочулардын көп өтчү эмес. Бул көчө совет мезгилинен бери оңдолгон эмес. Быйыл кеңири реабилитациялоо жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан кабарлашкандай учурда Калык Акиев көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки аралыгына жол белгилери орнотулууда.